Дарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт
Шашылыш билдирүү! Ош–Сары-Таш–Эркечтам жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт
09.04.2025 | 14:17
9-11-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 160-179-чакырымдарында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертти. Ошондой эле зарыл болбосо, жолго чыкпай турууга жана кар көчкүлөрдөн сак болууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом