Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн
02.01.2023 | 12:27
Кыргызстандын аймагында 3-январдан 5-январга чейин кар жаашы күтүлүп жатканына байланыштуу тоолуу райондодо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, “Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу” автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында, “Ала-Бука – Каныш-Кыя” автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана “Красная-Горка – Акташ” автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышуу керек.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом