Дарыгерлердин камалышы: Милиция иштин чоо-жайын айтты

Дарыгерлердин камалышы: Милиция иштин чоо-жайын айтты

Милиция Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын медицина кызматкерлеринин кармалышы тууралуу маалымат берди.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-ноябрда болжол менен саат 09:13тө шаардык милициясынын «102» кызматына, шаардагы борбордук өлүкканага кичинекей баланын сөөгү алынып келгени тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, 13-ноябрда болжол менен саат 07:00до Бишкектеги ооруканалардын бирине бала ичи ооруп алынып келген, саат 12:30да ал башка оорукананын реанимация бөлүмүнө которулуп, ал жактан эсине келбей каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү экспретизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен шектүү катары 60 жаштагы М.Ж., 67 жаштагы И.Р., 28 жаштагы К.Б., 32 жаштагы Э.А., 41 жаштагы М.К. жана 27 жаштагы А.Г. кармалган.

Ленин райондук соттун чечими менен М.К., Э.А. А.Г., К.Б., М.Ж. №1 тергөө абагына 10-январга чейин камакка алынган, ал эми И.Р. үй камагына чыгарылган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>