Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн
11.01.2023 | 12:19
Кыргызстандын аймагында жааган карга байланыштуу 12-14-январда тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом