Шер-Нияздын пиар-компаниясын Нуракун уулу менен Абдырахман уулу жетектейт

Шер-Нияздын пиар-компаниясын Нуракун уулу менен Абдырахман уулу жетектейт

Президенттик шайлоого аттанган Садык Шер-Нияздын шайлоо штабынын маалыматтык саясатын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жана КТРКнын директорунун мурдагы орун басары Шайырбек Абдырахман уулу жетектейт. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз Facebook барачсасына жазды.

«Эми эл журтка президенттике аттандым деп жарыя салгандан кийин ишти баштайлы. Эң биринчи элге идеяларды жеткизүү үчүн пресса керек экенин баарыбыз түшүнөбүз. Көптөгөн журналисттер чалып жардам берип, жанымда жүрөөрүн билдирип жатышат. Арасынан мага иши менен да сөзү менен да көңүлүмө жаккан эки азаматка токтодум. Ибраим Нуракун уулу дассыкан профессионал, акыркы жумушу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси, бир катар гезиттерде баш редактор кызматын аркалаган. Шайырбек Абдырахман уулу, ЭЛТРди ЭЛТР кылып элге тааныткан, КТРКнын башчысынын орун басарлык кызматын аркалаган, кадимки ДОБУШ программасы менен журтка таанылган эрктүү эрен. Экөө тең шайлоо боюнча мага басма сөз катчы боло турган болду. Эми баатырлар “Учкашпа, учкашсаң түшө качпа” деп айтаар элем. Жараткан бизге жар болсун», – деп жазган ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын 9-ноябрда билдирген. Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>