Алмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
Сингапурдук компания Кыргызстанда кремнийди кайра иштетет
10.10.2023 | 19:25
Кыргызстандын Инвестициялар агенттиги сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd компаниясы менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, бул документтин негизги максаты – алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу.
Сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd. жарым өткөргүч материалдарды, таза кремний пластинкаларын жана башка акыркы буюмдарды чыгарууга адистешкен. Компания бул тармакта чоң тажрыйбага ээ жана кремнийди кайра иштетүү долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өз кызматтарын сунуштоого даяр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом