Быйыл тогуз айда 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган

Быйыл тогуз айда 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган

2023-жылы тогуз айда 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлү 10-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда  билдирди.

Жыйында Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда  каралды.

Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков “жарандыгы жок адам” терминине жана аларга “кайрылман” макамын берүүнүн механизмдерине көңүл бурду.

Депутат Коргонбай уулу Жусупбек башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын саны боюнча маселе көтөрдү.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Кытайда 200 миңге жакын, Түркияда 5 миңге жакын, Ооганстанда 2 миң, Пакистанда 500 адам жашайт.

Депутат Гуля Кожокулова кепилдиктер аткарылышы керектигин айтып, кайрылман күбөлүгүн алмаштыруу тууралуу 8-берене боюнча маселе көтөрдү.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйүн айтты. Ал ошондой эле кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды бардык зарыл кепилдиктер менен камсыздоо механизмдери тууралуу белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>