Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Сокулукта күйөөсү аялын аёсуз сабап жаткан видео тарады
20.07.2022 | 13:33
Сокулук районунда күйөөсү аялын жерге жаткырып алып сабап жаткан видео социалдык тармакка тарады.
Видеону тартып алган күбө окуя Ленин көчөсүндө болгонун билдирген.
Анын айтымында, ал велосипед менен өтүп бара жатканда кошунасы аялын сабап жатканын көргөн.
“Окуяны көрүп дароо түшүп, жардам берейин дегем. Бирок аялдын көз карашынан аралашпа дегенин түшүндүм. Видеону тартып, бат эле өчүрүүгө туура келди. Анткени киши мен жакка таш ыргытып баштады. Үйгө барып, колума таяк көтөрүп чыксам ал аялын үйүнө сүйрөп кирип кетиптир. Барып эшигин такылдатсам, эч ким жооп берген жок», — дейт күбө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом