Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайган Ч.И. аттуу 19 жаштагы жигит 2 айга камалды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
Анын бөгөт чарасы 17-июлда каралып, 26-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камакка алынды. Ч.И. аттуу жарандын ишин эми коопсуздук комитети тергейт.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жигит өспүрүмгө бутун кыйнап өптүртүп жатканы тартылган видео тараган. Видеодон өспүрүм бала санына бычак жегенин дагы көрүүгө болот.
Шектүү 25-июлда кармалып, ага «кыйноо» беренеси менен иш козголгон.