Сокулуктагы дарыканадан 600 миң сомдук дарыларды уурдап кетишти

16.11.2022 | 16:23

Сокулук районунда дарыканадан уурулук кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге арыз менен Сокулук айылынын 1995-жылы туулган О.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 9-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Шопоков шаарында жайгашкан дарыканага кирип, жалпы баасы 600 000 сомго бааланган дары-дармектерди уурдап кеткенин билдирген жана аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган Т.А., 1994-жылы туулган Дж.Э. жана 1988-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандар кармалган.

Алар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top