Депутаттар Бишкек ЖЭБ борборунун иши менен таанышты — видео

Депутаттар Бишкек ЖЭБ борборунун иши менен таанышты — видео

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары 15-ноябрда Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага комитет мүчөлөрү, энергетика тармагындагы жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери, энергокомпаниялардын өкүлдөрү катышты. Алгач эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБинин негизги курулмалары менен таанышып, катуу отундун кампасына барышты. Ошондой эле ЖЭБдин от казандарынын, жабдууларынын жана башкаруу пульттарынын ишин көрүштү.

Борбор калаанын жылуулук электр борборунун жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун башкы директору Айбек Айдаралиев жана Бишкек ЖЭБинин директору Нургазы Курманбеков баяндама жасашты.

«Электр станциялар» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча учурдагы абалды туруктуу деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1,5 млн тонна көмүр керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алып келинет.

«Бүгүнкү күндө ЖЭБге пландалган 353,1 миң тоннадан 275,3 миң тонна көмүр келип түштү. ЖЭБдин отканаларында күн сайын 7 миң 600 тоннага жакын көмүр жагылат», — деди А.Айдаралиев, ошондой эле отказандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери аяктагандыгын ырастады.

Депутаттар ЖЭБге болгон иш сапарынын жүрүшүндө 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилин бекитилген талаптарга ылайык өткөрүү, жарандарды жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле эл өкүлдөрү отун базаларындагы жана калкка көмүр сатуучу жайлардагы көмүрдүн баасына дайыма мониторинг жүргүзүү керектигине өзгөчө көңүл бурушту.

Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев Бишкек ЖЭБине келген көмүрдүн сапаты белгиленген техникалык шарттарга ылайык келүүсүн камсыздоо маселелерине көңүл бурду.

Ал эми депутат Жеңишбек Токторбаев эмне үчүн учурда Бишкек ЖЭБине 77 миң тонна көмүр жеткирилбей, пландалган көлөм менен учурдагы жеткирилген көмүрдүн өлчөмүндө айырмачылык бар экенине кызыкты. Айдаралиев муну өкмөттүн алдында калкты көмүр менен камсыздоо милдети биринчи кезекте турганы менен түшүндүрүп, жакын арада жеткирүү иштери графикке ылайык келтирилет деп убадалады.

Өз кезегинде депутат Шаирбек Ташиев акыркы кездеги электр энергиясынын өчүрүлүшү эмнеге байланыштуу экенин сурап, бул маселеге түшүндүрмө берүүнү суранды, анткени эл арасында мындай өчүрүүлөр системалуу болот деген пикирлер тарап жатканын айтты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясын жана кубаттуулукту колдонууга чектөөлөр Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегатынын ишке киргизүү менен байланыштуу деп түшүндүрдү.

«Электр менен камсыздоого чектөөлөр жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо процессине байланыштуу жүргүзүлгөн», — деген министр, бардыгы мурдагыдай иштей берет деп ишендирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>