Сооронбай Жээнбеков Орусияда боло турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат

Сооронбай Жээнбеков Орусияда боло турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында, Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп белгиледи Сыдыков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>