Ошто коомдук жайда жүзүн жаап жүргөн 22 жаранга айып пул салындыАлымбек датканын 225 жылдык мааракеси Алайда белгиленетЖарым жылда Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млндой турист келди(U-20). Жантөрө Мирзалиев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырдыАтатүрк паркындагы реконструкция иштери башталат. Кандай өзгөрүүлөр болот?Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн банк кызматкерлеринин жыйыны өттү
Диплом чыры: Сот БШКнын эки депутатты мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
04.08.2023 | 19:20
Бишкектин административдик соту 4-августта Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловго карата өкүм чыгарды.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жасалма диплому үчүн Алимжановду жана Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыраткан. БШКнын чечимине макул болбогон эки депутат сотко арыз менен кайрылышкан.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, административдик сот БШКнын 6-июлдагы токтомун жараксыз (мыйзамсыз) деп табуу өтүнүчү боюнча Алимжановдун жана Исмаиловдун доо арыздарын канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом