Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Сот Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын дагы 2 айга узартты
29.10.2019 | 09:46
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, баш коргоо чарасын дагы эки айга узартты.
28-октябрда соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктаган. Ошого байланыштуу дагы эки айга узартылды.
29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотуп, үй камагына чыгарган.
Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат