Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
“КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз