Кыргызстандык эки шахматчы эл аралык турнирде жеңүүчү болушту 

Кыргызстандык эки шахматчы эл аралык турнирде жеңүүчү болушту 

Кыргызстандык жаш шахматчылар Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло алып келишти. Бул тууралуу Маданит маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Турнир 2024-жылдын 27-февралынан 4-февралына чейин Павлодар шаарында (Казакстан) шахмат боюнча СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Михайлович Никитиндин жаркын элесине арналган.

Турнирдин “А” бөлүгүнө Россия, Казакстан, Кыргызстандын эл аралык чеберлери жана FIDEнин желеги астында ат салышкан оюнчулар катышты.

Кыргызстандын атынан эркектер арасында республиканын чемпиондору — эл аралык мастер Абдыжапар Асылбек жана FIDE мастери Орозбаев Элдияр катышты. 11 турдун жыйынтыгы менен Орозбаев Элдияр 1-орунду ээлесе, Абдыжапар Асылбек турнирде коло байге алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>