Базар-Коргондо 1,5 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Базар-Коргондо 1,5 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Базар-Коргондо жерди мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук мамлекеттик архивинин жана Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, түзүлгөн коррупциялык схеманын негизинде жаранга мыйзамсыз жер тилкесин менчикке берүү фактысын аныкталган.

Тактап айтканда, райондук мамлекеттик архивдин кызмат адамдары мамлекеттик архив фондусунун сактоосунда жок болгон, “Кеңеш” айыл өкмөтүнүн 1999-жылдагы Г.К. аттуу жаранга 1,5 га жер тилкеси берүү жөнүндөгү жасалма буйругун жана жер тилкесин сатуу-сатып алуу жөнүндө жасалма келишимин мамлекеттик архивге мыйзамсыз киргизишкен.

Ал эми 2023-жылдын ноябрь айында Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалы жогорудагы жасалма документтердин негизинде Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылынын Суу-Башы участкасындагы базар баасы 20 млн 363 миң сомго бааланган 1,5 га жер тилкесин Г.К.нын наамына мыйзамсыз каттап, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берген.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүү Базар-Коргон РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>