Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Сулайман-Тоо музейи дээрлик эки айга жабылат
04.07.2023 | 13:49
Сулайман-Тоо музейи 5-июлдан тарта 28-августка чейин жабылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Маалыматка караганда, музей башкы имаратында жана экспозиция залында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу жабылат.
Ошол эле учурда, Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейинин жумуш убактысы 08:00-20:00го чейин узартылат. Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор 08:00-21:00 сааттар аралыгында иштейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом