Мамлекеттик органдар 25 млн сомго жол тандабастарды сатып алат  

Мамлекеттик органдар 25 млн сомго жол тандабастарды сатып алат  

«Климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере турган суу чарба кызматын жакшыртуу» долбоорунун алкагында мамлекет 25 миллион сомго алты автоунаа сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалат.

Жарыялардын биринде Суу чарба кызматы жана жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу бөлүмү үчүн электр унааларын сатып алуу көрсөтүлгөн.  Жалпысынан дээрлик 14 миллион сомго төрт электромобиль сатып алуу пландалууда.

Ошол эле учурда техникалык талаптар бул 2022-2023-жылдары чыгарылган жол тандабастар болушу керек экенин көрсөтүп турат.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы дагы бир жарыя Айлана-чөйрөгө мониторинг департаментине 11,3 миллион сомго эки унаа сатып алуу боюнча ккөрсөтүлгөн. Бул 2022-жылдан эрте эмес өндүрүлгөн бензин менен жүрүүчү жол тандабастар болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Эске салсак, «Климатка туруктуу суу кызматын жакшыртуу» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан каржыланат. Аталган уюм Кыргызстандагы суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу жайларды калыбына келтирүүгө жана курууга 100 миллион доллар бөлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>