Ош шаарында Сулайман-Тоодон кулаган таштын кесепетинен турак-жай жабыркады. Бул тууралуу згч кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман-Тоодон таш кулап, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип киргендиги боюнча башкармалыкка 2023-жылдын 24-февраль күнү аталган турак үйдүн ээси кайрылган.
Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз