Кара-Балта шаарында унааларды талкалаган жаран кармалды

Кара-Балта шаарында унааларды талкалаган жаран кармалды

Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында бейбаштыкка шектелген жаран кармалганын бүгүн, 2-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш Кара-Балта шаарында болгон. 28-февралда милицияга жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында, ал көп кабаттуу үйдүн жанына Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койсо, түн ичинде бирөөлөр унаасынын алдыңкы айнегин жана каптал айнектерин сындырып кеткен.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен каттоого алынган.

Чүй облусунун ИИБнын жана Жайыл РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1984-жылы туулган Г.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам дагы «Тойота Раф 4», «Хонда Одиссей», «Тойота Ипсум», «БМВ 525», «Мерседес» жана «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаалардын айнектерин сындырганы белгилүү болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>