Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Сулайманов: Биз эч бир партия менен бирикпейбиз
05.02.2020 | 16:16
“Бир Бол” саясий партиясы быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого карата эч бир партия менен бирикпейт. Бул тууралуу партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Азаттыктын” “Экспеттер талдайт” берүүсүндө билдирди.
“Биздин партиянын саясий күчтөр же кайсы бир партиялар менен биригейин деген ою жок. Ал эми жеке адамдар, жаштар же жаңы күчтөр менен сүйлөшүп жатабыз. Бизде 9 пайыздык босого боюнча коркунуч жок”, – деди Сулайманов.
Быйыл күз айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоого катышууга камынып турган бир катар партиялар жана саясатчылар шайлоо босогосун 9 пайыздан төмөндөтүү сунушун айтып келишүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат