Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Сүлүктүдө шахтада калып калган 4 адам куткарылды
24.11.2025 | 10:28

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Адахан” шахтасынын ичинде калып калган 4 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-ноябрда, куткаруу кызматына аталган шахтанын ичинде адамдар калып калганы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМнын Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышкан.
“Куткаруучулар алгач жер алдында калган тургундарды дем алдыруу үчүн түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Андан кийин уранды тазалап, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар