Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
Суучулдар Ысык-Көлдөн үч күндө 11,9 метр тор алып чыгышты
12.10.2024 | 10:31
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдө браконьерчиликке каршы күрөшүү жана синтетикалык балык улоочу торлорду тазалоо боюнча иш-чараларды улантууда.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, тазалоо иштери түнү жана таңга маал дагы жүргүзүлүп, бир түндө 20га жакын тор табылууда.
«Суук түшкөн учурда балыктардын урук чачкан учуру болуп жатканына карабай, браконьерлердин мыйзамсыз иш аракети күчөөдө. Акыркы 3 сутка ичинде көлдөн 11900 метр тор чыгарылып, Экология кызматына өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.
ӨКМ суучулдары көлдү таза кармоого чакырып, синтетикалык тор көлгө зыяндуу экенин эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар