Сууга агып бараткан эки баланы куткарган жигит сыйланды
Бүгүн, 1-августта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2023-жылдын 22-май күнү ал Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган.
«Бүгүн Даниилдин эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдиги бааланып, министрликтин жогорку мактоосуна татыды», – деп айтылат маалыматта.
Ал эми ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган өмүр сакчысына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.
[image_carousel source=”media: 195271,195272,195273″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз