Өкмөттөн 100 миң сомдон жардам алгандар канча киреше табышты?

Өкмөттөн 100 миң сомдон жардам алгандар канча киреше табышты?

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусунда өткөн райондук конференцияда «Социалдык келишим» долбоорунун аралык жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага райондун социалдык келишимдин катышуучулары катышты. Эгерде 2022-жылы райондо социалдык келишимге 50 жакыр үй-бүлө катышса, быйыл 805 үй-бүлө катышканы белгиленди. Жыл башынан бери райондо 6 канаттуулар фабрикасы, 5 бал челек, 58 тигүү цехи, 7 азык-түлүк өндүрүү, 2 жыгач иштетүүчү цех жана 2 курулуш өндүрүшү ачылган. Мал чарбачылыгы, соода жана тейлөө тармагында жүздөгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

«Социалдык келишимдин дээрлик бардык катышуучулары бүгүнкү күндө киреше алып жатышат, айрымдары жумасына 10 миң сомго чейин. Өлкө боюнча 1,9 миңден ашык тигүү цехтери, 60гө жакын курулуш жана жыгач устаканалары, ондогон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр самын, жер семирткичтер, жарым фабрикаттар өндүрүшүн ачышты.

Сузак районундагы ийгиликтин мисалы — Розибаева Фарида, ал өзүнүн тигуу цехинде дагы төрт аялга жумуш берип, 40 миң сомго чейин киреше тапкан. Андан да көп киреше – айына 50 миң сомго чейин Рашида Нурдинова ала баштады, айыл тургундарын тамак-аш, балдардын жана аялдардын кийимдери менен камсыз кылууда. Апал Маматаеванын бал челектери анын үй-бүлөсүнө 100 миң сом алып келүү менен чектелбестен, башка үй-бүлөлөрдү да жумуш менен камсыз кылды», — деди Кудайберген Базарбаев.

Конференцияда социалдык келишимдин катышуучулары өз жетишкендиктери менен тааныштырышты. Сузак району боюнча долбоордун эң мыкты катышуучулары республикалык «Жаңы кадам» курултайына катышууга жиберилди, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген жеке ишканалардын алдыңкылары кирешелүү бизнести уюштуруу жана илгерилетүү боюнча тажрыйба менен алмашышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>