Бишкекте 20-августтан тарта жол кире карта менен гана төлөнөт

Бишкекте 20-августтан тарта жол кире карта менен гана төлөнөт

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

«Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген. Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын жолдорун сунуштайт:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>