Ошто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат
Сузакта мугалим кол көтөргөн окуучунун апасы үн катты (видео)
26.05.2022 | 15:45
Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими кол көтөргөн окуучу кыздын апасы окуя тууралуу журналисттерге айтып берди.
Анын айтымында, бул окуя боюнча мектепте ызы-чуу чыгып, ата-энелер чогулушка чакырылган. Ошондой эле, алгач мугалим окуучунун үйүнө келип, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, кечирим сураган.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видео боюнча Жалал-Абад облустук милициясы билдирүү таратып, окуянын чоо-жайы териштирилгенин жана мугалимди суракка алганын маалымдаган.
Андан соң мугалим окуучуга кол көтөргөнү үчүн жумуштан бошотулганын райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом