Ысык-Көлдө «Бажы экосистемасы боюнча диалог» аттуу эл аралык IT-конференция өтүүдө

17.06.2026 | 15:45
На Иссык-Куле проходит международная IT-конференция «Диалог по таможенной экосистеме» — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 17-июнда, Ысык-Көл облусунда «Бажы экосистемасы боюнча диалог» аттуу III эл аралык IT-конференция ишин баштады. Иш-чарага бажы администрацияларынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана эксперттер катышууда.

Конференцияда бажы кызматтарын санариптик трансформациялоо, жасалма интеллектти колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү жана маалыматтык системаларды интеграциялоо темалары талкууланууда.

Жыйында ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Конференция Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ЕККУ, GIZ жана Европа Биримдигинин колдоосу менен уюштурулган. Иш-чаранын алкагында тажрыйба алмашуу жана бажы экосистемасын өнүктүрүү маселелери боюнча талкуулар улантылат.

Scroll to Top