Садыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды

17.06.2026 | 12:34
Садыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Министрлер кабинети калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында билдирип, жарандарды аталган демилгени колдоого жана ага жигердүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчынын айтымында, мамлекеттик баалуу кагаздарды «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта сатып алууга болот. Бул система финансылык мекемелерге барбастан жана документтерди толтурбастан инвестиция жасоого шарт түзөт.

"Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат.
Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат",- деп түшүндүрдү президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү банктык депозиттердин деңгээлинен жогору турарын, ага мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен, ал ишенимдүү инвестициялык инструмент болуп саналарын билдирди. Мындан тышкары жакынкы арада баалуу кагаздарды кайра сатуу функциясын ишке киргизүү пландалып жатканын кошумчалды.

Scroll to Top