Мектептерде 18 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алууда

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18,5 миңден ашуун бала жалпы билим берүүчү мектептерде окуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 2 миң 394 мектеп бар жана аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алууда. Мындан тышкары, 1 миң 997 бала бакча иштеп, аларга 320 миңден ашуун бала тарбияланууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 37 миңден ашуун бала жашайт. Алардын 29 миңден ашыгы билим берүү системасы менен камтылган.
Жусупбекова белгилегендей, инклюзивдик билим берүү боюнча мамлекеттик саясат өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдардын мүмкүн болушунча кадимки мектептерде жана бала бакчаларда теңтуштары менен бирге билим алышына багытталган.
«Биздин максат — балдарды бөлүү эмес, алар үчүн кадимки билим берүү мекемелеринде шарт түзүү. Бирок айрым учурларда, диагнозу оор болгон балдар адистештирилген мекемелерде билим алууну улантууда», — деди ал.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн 654 мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алууда. Ошондой эле 54 мектепте 486 коррекциялык класс иштеп, анда 4,2 миңден ашуун бала окуйт.
Дагы 2,9 миңге жакын бала тогуз адистештирилген мектепте билим алса, өнүгүүсүндө оор бузулуулары бар 2,3 миңден ашуун бала атайын билим берүү мекемелерине барат.
Мектепке чейинки билим берүү тармагында да инклюзивдик ыкма өнүгүүдө. Кыргызстанда 24 адистештирилген бала бакча жана бир балдар үйү иштеп, аларда 2,7 миңден ашуун бала тарбияланууда. Ошондой эле 800гө жакын өзгөчө муктаждыгы бар бала кадимки бала бакчаларга барат.
Министрдин орун басарынын айтымында, жакынкы мезгилде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Кант шаарларында жаңы инклюзивдик тайпаларды ачуу пландалууда.
Жусупбекова ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар үчүн окуу программаларын жаңылоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Учурда тогуз багыт боюнча адаптацияланган программалар иштелип чыгууда. Алардын айрымдары эксперттик баалоодон өтсө, калгандары дагы эле толукталып жатат.
Өзгөчө көңүл адистерди даярдоого бурулууда. Бүгүнкү күндө логопеддерди, дефектологдорду, психологдорду жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштей турган башка педагогдорду өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайлары даярдап жатат. Алардын катарында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана башка окуу жайлар бар.
Ошол эле учурда билим берүү мекемелеринде адистердин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Ушуга байланыштуу мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандартына логопед жана психолог кызматтары расмий түрдө киргизилди. Учурда аларды бала бакчаларга толук кандуу киргизүү үчүн тиешелүү ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүүнү ваучердик каржылоо программасынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 77 бала жеке менчик бала бакчаларга барып жатат. Мындай балдар үчүн ваучердин көлөмү 4 миң 560 сомду түзөт.
Агартуу министрлигинде белгилешкендей, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылып, өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдарды кабыл алууга даяр мектептер менен бала бакчалардын саны этап-этабы менен көбөйтүлөт.