Сузакта «Манас айтуу» сынагы учурунда жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, окуучулардын абалы туруктуу. Аларга ордо калаадагы №3 Балдар клиникасында дагы операция жасоо пландалууда.
«Балдар ар кандай жаракат алышкан. Сынгандары, ички органдары жарылып кеткендери бар. Боору, көк боору жарылгандарга кечээ операция жасалды. Бүгүн өзүнө келип калышты. №3 Балдар клиникасы жаракат алган окуучуларды кабыл алууга даяр», — дейт министр.
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жабыркаган балдардын саламаттыгы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 3-майга карата Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда. Андан тышкары, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак аймактык ооруканасында — 3, Октябрь ЖДПБда – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.
Окуяда бир мугалим жаракат алганы айтылат.
Сузакта жабыркаган балдардын ата-энелерине психологдор жардам берүүдө