Сузактагы кырсык: Акимиат акциянын датасын телефон аркылуу кабарлап, 2 инспектор гана тартылган

Сузактагы кырсык: Акимиат акциянын датасын телефон аркылуу кабарлап, 2 инспектор гана тартылган

2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда иш-чарага райондогу 2 миң 878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышканы, алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

  • Облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жүктөлгөн милдеттерин так аткарган эмес. Алардын билим берүү мекемелери, райондук жана облустук администрация менен маалымат алмашуусу начар болгон;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным Манас” сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес;
  • Сузак райондук акимиаты акциянын датасын телефон аркылуу кабарлаган;
  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого 2 гана инспектор тартылган;

Комиссиянын сунушу менен  Билим берүү министрлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 21 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынак учурунда балдарды Porter тебелеп кеткен. Анда  29 бала жабыркап, 18и ооруканага түштү. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 милиция кызматкери тартиптик жазаларын алышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>