Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
14.05.2024 | 14:37
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 18-январда милицияга шаар тургуну кайрылып, 8-январда М.Ж. аттуу жаран 10 миң бышкан кыш алып келем деп 100 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Арадан бир нече ай өткөндөн кийин бул ишке шектүү катары 28 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(998) 88-81-02 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.