Сузактагы кырсыктан кийин дагы балдар иш-чарага катышууда. Маселе парламентте көтөрүлдү

Сузактагы кырсыктан кийин дагы балдар иш-чарага катышууда. Маселе парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев балдарды массалык иш-чараларга катыштырууга толук тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлү учурда балдардын укуктары корголбой, аларга каршы зомбулук күчөп, коопсуздугу камсыз болбогондуктан ар кандай кырсыкка учурап жатканын белгиледи.

Ал блогер жана жарандык активисттерди анын сунушун колдоого чакырды.

«Иш-чараларда балдарды декорация катары колдонуп жатышат. Мындай учурларды сүрөткө тартып, жарыялаш керек. Чиновникти тосуп алуу үчүн кыштын ызгаарында бир көйнөк менен гүл карматып чыгарып коебуз. Аптап күндөрү аткаминерлерди күтүп туруп, эси ооп жыгылган учурлар болгон», — дейт ал.

Жанар Акаев Билим берүү министрлигине буга толук тыюу салып, ага каршы радикалдуу чараларды көрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Сузактагы окуядан кийин министрлик окуучулар катыша турган массалык иш-чаралар токтотулганын айткан. Бул боюнча президенттик администрциянын башчысы Акылбек Жапаров дагы тапшырма берген. Бирок ага карабай 9-майда айрым аймактарда Жеңиш күнүнө арналган салтанатка жашы жете электер тартылды.

Мисалы, Сокулук районунда майрамда балдар ар кандай роль аткарып, пионер болуп катар тизилип дагы турушкан.

Билим берүү министрлиги  Reporter.kg’нин мектеп окуучуларын кандай иш-чараларга катыштырууга болору боюнча суроосуна дагы эле жооп бере элек.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынак учурунда балдарды Porter тебелеп кеткен. Анда  29 бала жабыркап, 18и ооруканага түштү. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 милиция кызматкери тартиптик жазаларын алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>