Свет өчөбү? Быйыл кышында энергетикада абал кандай болот?

Кыргызстанда кыш мезгили энергетика тармагы үчүн эң оор жана жооптуу мезгил. Жыл сайын жылытуу сезону жакындаганда калк арасында «Быйыл кыш кандай өтөт? Жарык өчпөйбү? Жылуулук жетиштүү болобу?» деген суроолор туулат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2025–2026-жылдагы кыш мезгилине олуттуу энергетикалык коркунучтар менен кирет. Быйылкы кыш Кыргызстан үчүн энергетикалык жактан оор болору дээрлик анык. Суунун тартыштыгы, энергетика инфраструктурасынын эскилиги, импортко көз карандылык булардын бардыгы учурдагы реалдуулук. Бирок өкмөт мурдагы жылдарга салыштырмалуу реалдуу кадамдарга бара баштады. Алар инвестиция тартуу, ГЭСтерди жаңылоо, тарифтик реформа жана жарандарды жоопкерчиликке чакыруу.
Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасы 1960–1980-жылдары курулган. Өндүрүштүк жабдуулардын эскилиги, трансформаторлордун, зымдардын, көмөк чордондорунун эскирүүсү кышкы мезгилде авариялык өчүүлөргө себеп болушу мүмкүн.

Кыргызстандын негизги электр булагы болгон Токтогул суу сактагычында суу деңгээли акырындан көтөрүлүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок бул жетиштүү деңгээлде эмес. Өлкөнүн энергетика министрлиги маалымдагандай, 2025-жылдын сентябрь айынын аягында суу сактагычтагы суунун көлөмү таза пайдалуу 12 млрд куб метрден бир аз жогору болууда.
«Быйыл кыш оор болот. Былтыр Токтогул суу сактагычында суу 12,4 миллиард куб болсо да жетишсиз дегенбиз. Быйыл ал андан да 1,6 миллиардга аз. Бул энергия да ошончого аз өндүрүлөт дегенди билдирет», — деди энергетика министри.
Кыргызстандын электр энергиясынын 90%дан ашыгын суу электр станциялары (ГЭСтер) берет. Алардын эң ириси Токтогул ГЭСи, бирок 2025-жылы жаан-чачын аз болгондуктан, суу сактагычта суунун көлөмү кескин азайып кеткен. Былтыркыга салыштырмалуу жамгыр-чачындын көлөмү 107%дан 92%га түшкөн.
Бул абал Кыргызстанда гана эмес, коңшу мамлекеттерде да байкалууда. Жаратылыш шарттарына байланыштуу аймактык суу тартыштыгы жалпы Борбор Азияда энергетикалык кризиске себеп болууда.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, быйыл кышында масштабдуу жарык өчүрүүлөр (график менен өчүрүү) пландалбайт. Бирок:
- Өнөр жай ишканалары үчүн жогорку сааттарда (пик убакта) чектөөлөр болушу мүмкүн
- Айрым калктуу конуштарда техникалык себептерден улам убактылуу өчүүлөр болушу ыктымал
- Жеке сектордо жылытуучу приборлорду активдүү колдонуу электр тармагына кошумча жүк алып келиши мүмкүн
Министр Ибраев белгилегендей, өлкөдө электр энергиясын керектөө 18 миллиард кВт/саатка жеткен, бул жыл сайын орточо 1 миллиард кВт/саатка көбөйүүдө. Ошол эле учурда, ички генерация 14–15 миллиард кВт/саатты гана түзөт, калганы — 3–4 миллиард кВт/саат — кошуна мамлекеттерден (Өзбекстан, Казакстан ж.б.) импорттолууда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан энергетика тармагында импортко олуттуу көз каранды. Бирок 2028-жылга чейин ири долбоорлорду ишке ашыруу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү пландалган.
Анын алкагында 2026–2030-жылдар аралыгында 10 ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын ичинен башкы приоритет:
- Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо (4 гидроагрегатты жаңылоо);
- Камбарата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү;
- Үчкурган ГЭСин толук реконструкциялоо.
Мындан тышкары, чакан ГЭСтерди куруу, күн электр станциялары боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо да пландалууда. Бул долбоорлорду Дүйнөлүк банк, Жашыл климаттык фонд, ЕБРР сыяктуу ири өнөктөш уюмдар тарабынан каржыланышы күтүлүүдө.
Мындай кырдаалда калкты жана керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакыруу керекпиз. Ар бир жаран буга милдеттүү.
«Бул тууралуу энергетика министрлиги да билдирүү жасап, Сууну, энергияны, ресурстарды үнөмдөө бүгүнкү күндүн талабы. Биз азыртан баштап жоопкерчилик менен пайдаланбасак, эң оор жүктү өзүбүз көтөрөбүз», — деп эскертти.
Бул арада Кыргызстандын өкмөтү 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясынын тарифтик саясатын бекитти. Документке ылайык, тарифтер жыл сайын көтөрүлүп, инфляция + 3,5% ченинде өзгөрүп турат.
Бекитилген тарифтер:
| Категория | 2025-жыл | 2030-жыл (жогорулатуу планы менен) |
| Калк (700 кВт/саатка чейин) | 1,37 сом | 3,40 сом |
| Муктаждар (жөлөк пул алгандар) | 0,50 сом | Азырынча өзгөрүүсүз |
| 700 кВт/сааттан жогору | 2,60 сом | +инфляция+3,5% |
| Өнөр жай ишканалары | 3,34 сом | +инфляция+3,5% |
| Коммерциялык керектөөчүлөр | 3,96 сом | +инфляция+3,5% |
| Электромобил кубаттоочу станциялар | 5,31 сом | +инфляция+3,5% |
| Көп энергия керектөөчүлөр | 6,06 сом | +инфляция+3,5% |
Электр энергиясынан сырткары кыш мезгилинде көмүр өлкө калкы үчүн негизги отун булактарынын бири. Энергетика министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмүр ташуу жана кампаларды толтуруу иштерин күз айларында активдүү жүргүзүп жатат.
Учурда көмүр запасы жетиштүү деңгээлде даярдалып жатат, бааларды туруктуу кармоо аракеттери көрүлүүдө, көмүр ташуу логистикасында былтыркы жылдагыга караганда оң жакшыртуулар бар. Бирок айыл жерлеринде жана алыскы аймактарда көмүр жеткирүү маселеси кыштын катаал шарттарына байланыштуу кыйынчылык жаратышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, бүгүн,23-сентябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кара-Кече көмүр кенинен көмүрдүн тоннасы быйыл 2 460 сомдон жүктөлөөрүн расмий түрдө бекитти.