Сыдыков “Манас айылынын” сынактан жеңген долбоорун көрсөттү (ВИДЕО)

Сыдыков “Манас айылынын” сынактан жеңген долбоорун көрсөттү (ВИДЕО)

“Манас айылы”  тарыхый этнографиялык комплексиндеги жаңылоо долбоорундагы Садыр Жапаровго көрсөтүлгөн долбоор башка долбоор экенин, буга чейин сынактан өткөн долбоорду аталган комплекстин директору Дөөлөт Сыдыков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Өткөн жумада Президенттин Иш башкармалыгы өлкө башчынын катышуусу менен «Манастын айылы» тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу үчүн кайдан-жайдан пайда болгон долбоорду кабыл алып, аны бекитип жана курулушун баштай турганын жарыя салынганы жалпы коомчулукка маалым болгон. Буга чейин ошол «Манастын айылын» жаңылап куруу боюнча атайын концепция иштелип чыгып, ошонун негизинде эскиздик долбоорго сынак жарыялап иштегенбиз. Сынакта концепцияда жазылган «Манас» дүйнөсүн чагылдыруу боюнча койгон талаптарыбызга так жана туура жооп берген архитектор, сүрөтчү Мухтар Тагайбек уулунун автордук эмгеги жеңип чыккан. Бул сынакты 12 кишиден турган комиссия тергеп, аныктап берген. Ошол кезде Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов дагы комиссиянын мүчөсү болчу. Бирок, эми комплекстин жерине кызыккандар баарын өзүлөрү каалагандай калчап, иштерди басым, күч менен кылууга өткөнү чектен чыккан өтүрүк болду.

Мына бул жарыяланып жаткан долбоор дал ошол сынактан жеңген таланттуу сүрөтчү- архитектор Муктар Тагайбек уулунун долбоору. Концепциянын маани- маңызы мыкты болсун деп кынапталып жазылган соң, Манас дүйнөсүнө тиешелүү адистердин сынынан өткөн. «Манас»- бул эпос эле эмес, «Манас» — бул касиет, дүйнө тааным, руханий азык, көөнөрбөс мурас катары даңазалайлы деген архитектуралык курулуштун тили менен чагылдырганган аракеттердин жыйынтыгын көрүп турасыздар. Бул долбоор Манаска тиешелүү музейден баштап театрга чейин, кыргыз дүйнөсүн даңазалаган аянтчалары ж.б көп багыттуу, кызыктуу, дүйнөлүк талаптарга жооп берген улуттук колориттеги архитектуралык курулуш. «Манастын айылын» татыктуу кылып кайра куруу үчүн колуман келген болгон аракетти көрүп келгем. Бирок, мамлекет тарабынан болчу тиешелүү чечимдер болбой келгени, иштин чеке жылатаарлык жылбаганынын себеби, маселе башкада экени айдан ачык көрүнүп калды.

Буга чейин Манастын айылын кайра куруш керек деп, чуркап айтып, иш кылып жүргөндү көрбөгөн, көрсө көрмөксөн болгон, айрым кесиптештериме айтарым: ошол комплекс ичине Манас театрын куруп беребиз дешти, үстүнө үй дагы салдырып алабыз деген айрым манас аткаруучулар өз кызыкчылыгын Манастан жогору коюшуп, мага ачык эле каршы болоорун билдиргендер, өзүн Манасчымын дебей эле коюшса.

Эми кандай болгон күндө дагы, «Манастын айылы» комплексинин жери кемисе жана Манаска татыксыз курулуш болсо, ушуга аралашып, ишти тетири кылгандардын абийиринде болсун!

Видеодон сынактан жеңген долбоордон үзүндүсүн көрүңүздөр.

Ал эми 2-сүрөт комплекстин топосьемкасы. Дал ушул топосьемка сынакка катышкан 18 катышуучуга эскиздик долбоор чийүүгө берилген.

Менин айтканымды бурмалагандар ушул топосьемканы караңыздар. Иш башкармалык бекиткен Манас айылынын жаңы долбоорунун ээлеген ордун карап, тактап койгула. Канча жер кемигенин көрөсүздөр” –деп жазган.

Буга чейин аталган комплексти жаңылоо боюнча башка долбоорду президент Садыр Жапаровго көрсөтүлгөн, Жапаров аны жактырып, «кура бер» деген тапшырма берген болчу.

“Манас айылы” комплекси жаңыланат. Президент макетин көрдү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>