“Манас айылы” комплекси жаңыланат. Президент макетин көрдү

“Манас айылы” комплекси жаңыланат. Президент макетин көрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Мамлекет башчысы интервьюларынын биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун, анткени анын азыркы абалы өтө начар абалда экенин белгилеген.

Садыр Жапаров белгилегендей, азыр комплексти өзүнүн атына татыктуу кылып, анда борбордун тургундары, коноктору убактысын ырахат менен өткөрө тургандай кылып калыбына келтирүү милдети турат.

Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштердин долбооруна ар тараптан ойлонуштурулган мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

Маалым болгондой, долбоордо “Манас айылы” комплексин реконструкциялоо анын аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүүнү карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына “Манас” театры менен Манас музейин жайгаштыруу пландалууда.

Мындан тышкары, долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

Президент Садыр Жапаров долбоорду канааттануу менен баалап, курулуш иштерин тез арада баштоону тапшырды. Мындан тышкары, комплексти стандартка ылайык сапаттуу куруу жана мында келгендерге көбүрөөк ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>