Түндө Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына 15 см кар түштү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-апрелге караган түнү Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына 15 см калыңдыкта кар жааган. Учурда тийиштүү кызматкерлер жолдогу карды тазалап, кум чачып жатышат.