Таксист жана чабуулчу: Жыргалбек Мамбетовдун окуясы

03.10.2025 | 12:01

Бишкек шаары таңдын атышын көчөдөгү ызы-чуу, унаалардын үнү, элдин сүйлөгөнү менен тосуп алат. Ал эми Жыргалбек Мамбетов үчүн таң башкача сезилет. Ал төрөлгөндөн бери укпайт. Бирок, бул өзгөчөлүгү анын спортко, жумушка жана жашоого койгон максаттарына жетүүгө тоскоол болбойт.

Жыргалбек Ысык-Көлдө төрөлүп, Бишкекте өскөн. Ушул жерден мектепти аяктап, 2012-жылы автоэлектрик кесибине тапшырган. Айтымында билим алуу ага оңойго турган жок.

“Мугалимдер жаңсоо тилинде сүйлөгөндү билбегендиктен, мага түшүнүү кыйын болчу. Группада үчөөбүз элек. Экзамен тапшыруу оор болчу: бизге эч ким, эч нерсе түшүндүрүп бере алчу эмес”, – деп эскерет Жыргалбек.

Диплом алгандан кийин жаш адис өз кесиби боюнча жумушка орношууга аракет кылган, бирок аны кабыл алышкан эмес. Андыктан башка варианттарды издөөгө туура келген. Ал унаа жуучу жайда, курулушта, тигүү цехинде иштеген. Бир нече убакыт Москвада жашап, курулушчу болуп, кийин Европага барып, кампада жүктөгүч болуп эмгектенген.

“Жумуш табуу кыйын. Көбүнчө мени жумушка алышпайт, анткени мен үчүн жоопкерчилик алуудан кооптонушат жана дүлөйлөр менен кантип иштөө керектигин түшүнүшпөйт”, – дейт ал.

Өзүн издөө

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Жыргалбек кайра иш издей баштаган. Ал убакта анын үй-бүлөсү да бар болчу: ал 2017-жылы үйлөнүп, бир жылдан кийин кыздуу болгон.

Досторум таксиге иштөөнү сунушташты. Азырэми башкаларга окшоп иштеп жатам. Күнүнө 5-6 миң сомго чейин табам. Буйрутма келгенинтелефонумдагы сигналдан көрөм. Жүргүнчүлөр мен жөнүндө Яндекс Go тиркемеси аркылуу же унаадагы карточкамдан улам билишет. Керек болсо алар каалаган убакта колдоо кызматына кайрыла алышат”, — дейт ал.

Айдоочунун айтымында, жүргүнчүлөр аны ар кандай кабыл алышат. Кээ бирөөлөр түшүнөт, ал эми кээ бирөөлөр дүлөй айдоочуга биринчи жолу түшүп жатса да орой мамиле кылышы мүмкүн. Бирок анын ишинин жакшы жактары да бар. Анын Бишкектеги өзүнө окшогон көптөгөн кесиптештери эмгектенет.

“Бизде атайын дүлөй айдоочулар тайпабыз бар. 40ка жакын досторум таксиде иштешет. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, тажрыйба алмашып, жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз”, – дейт таксист.

Короодогу аянттан – улуттук курамага чейин

Жыргалбектин жашоосунда жумуштан тышкары маанилүү орунду спорттун  – сууда сүзүү, волейбол, теннис сыяктуу түрлөрү ээлейт. Эң башкы жакшы көргөн ышкысы – 24 жылдан бери ойноп келе жаткан футбол оюну. Талыкпай машыгуу аны Кыргызстандын дүлөйлөр арасындагы мини-футбол боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү кылган.

“Биздин команда эл аралык мелдештерге катышып келет: Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Малайзияда ойнодук. Учурда алар Ысык-Көлдө машыгууда. Мен ошол жакка баратамын. Бизди алдыда достук турнир күтүп жатат”, – дейт Жыргалбек.

Өзгөчө кыялы 

Азырынча Жыргалбек ижарага алган унаасы менен таксист болуп иштейт, бирок аны сатып алуу үчүн акча чогултуу максаты бар. Ал эми мындан чоң кыялы – фермер болуу. 

“Атам экөөбүз бул тууралуу көптөн бери ойлонуп келебиз. Мен өзүмдүн чакан чарбамды ачышым үчүн, акча топтоюн деп, ар кандай ишти аркалап көрдүм. Келечекте мал багып иштегим келет. Бирок алгач унаага акча топтошум керек болуп жатат, анан кийин жеңилирээк болот”, – дейт ал пландары менен бөлүшүп жатып.

Үй-бүлө анын негизги таянычы. Жубайы дайыма жанында, ата-энеси, бир туугандары да жардам берип турат.

“Булар менен негизги шыктандыруучуларым. Келечекте эмне болорун билбейм, бирок мен ар дайым узак мөөнөттүү пландарды түзгөнгө аракет кылам” – деп, жыйынтыктады Жыргалбек.

Scroll to Top