Кыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатКыргызстандык ишканаларга Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү берилдиБишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө ачылдыЧерногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалууда
Талант Мамытовдун кармалышы боюнча Баткендин башчысы үн катты
25.11.2023 | 13:29
Ири суммадагы пара менен кармалган Баткен облусунун жетекчисинин кеңешчиси Талант Мамытов менен байланышкан мамлекеттик кызматкерлерди тергөө аныкташы керек. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Ал “акча опузалоо” кылмышына шектелип жаткан кеңешчиси менен 1,5 жыл иштегенин белгилейт.
“Бул Баткенде болуп жатканы жакшы иштерге көлөкөсүн түшүрдү. Кимдин ал ишке кандай тиешеси бар экенин тергөө аныктап берет. Эгер мыйзамды бузган болсо жооп берет”, – дейт Абдикарим Алимбаев.
Талант Мамытов кечээ УКМК тарабынан 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом