Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш 2013-жылы башталып, ар кандай себептер менен аягына чыкпай калган.
«2022-жылы мамлекеттин бюджетинен 74 491 834 сом бөлүнүп берилген. Билим уясы 225 окуучуга ылайыкталып, керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Мамлекет 2023-жылы дагы жаңы мектептерди курууга жана жалпы эле билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз