Бишкекте митингге чыккан 27 адам кармалды. ИИМ эмне дейт?

Бишкекте митингге чыккан 27 адам кармалды. ИИМ эмне дейт?

Бүгүн, 10-январда Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды колдоо үчүн митингге чыккан 27 адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, алар тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн кармалган.

«Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан. Жыйынтыгында Биринчи май райондук милициясына 27 адам жеткирилген», — деп билдирет ИИМ.

Кармалгандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, камакка алынгандардын жакындары бүгүн ИИМдин имаратынын алдына митинг өткөрүүгө чогулган. Алар менен ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу жолуккан. Жолугушуудан кийин милиция кызматкерлери камактагылардын жакындарына ИИМдин жанында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Акциянын катышуучулары президенттин администрациясы турган көчө (Абдымомунов көчөсү) аркылуу Горький сейил багына жөө жүрүш менен өтүүгө аракет кылганда, милиция аларды кармап кетти.

Кармалгандардын арасында акцияны чагылдырып жаткан «Политклиника» басылмасынын журналисти Эркайым Асанканов бар. Аны райондук милицияга жеткиришип, документтерин көрсөткөндөн кийин кое беришкен.

Ошондой эле митингдин катышуучуларын кармоо учурунда милиция кызматкерлери «Азаттыктын» журналисти Бакыт Төрөгелдини да кармап кетүүгө аракет кылган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Милиция митингге чыккандарды кармап кетти — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>