Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Таластын Көк-Сай айылында 74,4 млн сомго жаңы мектеп курулду – видео
10.01.2023 | 15:11
Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш 2013-жылы башталып, ар кандай себептер менен аягына чыкпай калган.
“2022-жылы мамлекеттин бюджетинен 74 491 834 сом бөлүнүп берилген. Билим уясы 225 окуучуга ылайыкталып, керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Мамлекет 2023-жылы дагы жаңы мектептерди курууга жана жалпы эле билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом