Таласта 9 күн мурун сууга аккан наристе дале табыла элек

Таласта 9 күн мурун сууга аккан наристе дале табыла элек

Таласта 9 күн мурун сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткен.

Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.

Бирок 9 күндүк издөө иштери натыйжа бербей наристе табылган эмес.

Учурда дагы издөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>