Таласта балдар үчүн оюн-зоок борбору курулат

13.11.2025 | 20:00

Бүгүн, 13-ноябрда, президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жай 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

“Баластан” борборуна аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи.

“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат”, – деди өлкө башчы.

Scroll to Top