АӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланатУКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турганЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болдуПутин Пасхага карата элдешүү жарыялады10-апрелге карата аба ырайы
Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды
09.01.2023 | 13:21
Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 45 жаштагы Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы (мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN) “ДАФ” унаасы токтотулган.
“Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган. Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалытатта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз