Тарых музейи жана ипподром: Исаковдун буга чейинки өкүмү жокко чыгарылды

Тарых музейи жана ипподром: Исаковдун буга чейинки өкүмү жокко чыгарылды

Жогорку Сот Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишине карата райондук жана шаардык соттордун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райрндук сотуна жиберди. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова билдирди.

 Ушул жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жогорудагы кылмыш иштери боюнча күнөөлү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Ушул эле иштер боюнча айыпталуучу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага 260 миң сом айып пул салынган.

Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу соттук териштирүү 2019-жылдын май айында башталган.

Башкы прокуратура тарых музейи менен ипподромду оңдоодо мамлекеттик буджетке 247 млн  сомдук зыян келтирилгенин, анын  101,6 млн сому музейге, 145,9 млн сому ат майданга тиешелүү экенин айткан.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыгып ошол бойдон качып кеткен.  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ага издөө жарыяланганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>