Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Ташиев: Кыргыз сөзүнүн чечмеленишин ар бирибиз билишибиз керек
02.12.2024 | 09:57
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө жарандарын кыргыз атынын чечмеленишин билүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Ташиевдин айтымында, жакында эле чет мамлекетке иш сапар менен барганда, ага «кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче, кыргыздар өздөрү кырк кыз деген сөздөн чыккан деп айтышат, ушул чынбы?” деген суроо узатышкан. УКМКнын төрагасы кыргыз сөзү кырылгыс, түгөнгүс деген маанини билдирген сөз экенин айткан.
“Биз кыргыздар өзүбүз кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек. Ар бир кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек. Бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун”, – дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом