Ташиев: Матраимовдун мойнуна 200 миллион доллар илинди

Ташиев: Матраимовдун мойнуна 200 миллион доллар илинди

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 миллион доллар илинди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунундагы жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдор бажы тармагынан акча уурдоону токтоткон эмес.

«Аны биз биринчи кармаганда акча төлөп чыккан. Биз ага кайра мамлекеттик казынага кол салбоо шартын койгонбуз, бирок бир жыл өтпөй кайра эле баштады: бажыга олтурду, мурдагыдан көп уурдап, криминал менен достошуп, ишкерлерди коркутуп-үркүтүүнү колго алды. Анан биз чара көрүүгө мажбур болдук. Ошондо дагы качпа десек, качып кетип, Бакудан бир туугандары менен кошо кармап келдик. Мойнуна 200 миллион доллар илинди», — деди Камчыбек Ташиев.

Өлкө башчысына кол салуу, мүлкү алынат. Ташиев Матраимовдор боюнча маалымат берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>